Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилик тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Ушул жылдын 27-октябрында ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Такталгандай, кармалган адам ИИМ Патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка ороноштуруу маселелерин оң тарапка чечип жана кызматкерлерди кызмат ордунан жогорулатуу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө жана издөө иш-чараларынын комплекси улантылып жатат.