Жаңылыктар
Бишкекте карызы бар 10 миңден ашык абонентке электр энергиясы берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте карызы бар 10 миңден ашык абонентке электр энергиясы берилбейт

29-октябрдан тарта, Бишкекте карызы бар 10 миңден ашык абонентке электр энергиясы берилбейт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Ишкана "Акылдуу эсептегич" орнотулган үйлөрдүн жарыгын аралыктан туруп эле өчүрөт. Ошол себептен карызды бүгүн төлөөгө чакырышты.

Мекемеден билдиришкендей, карыздарды электрондук капчыктан, банктардын терминалдарынан жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот. Аталган компания Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.