Жаңылыктар
28-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
28-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайы

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөн зонасында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жана Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн 0 ... + 5

күн + 3 ... + 8

Талас облусу

түнкүсүн -4 ... + 1

күндүз + 3 ... + 8

Баткен облусу

түнкүсүн + 1 ... + 6

күндүз + 9 ... + 14

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн + 1 ... + 6

күндүз + 9 ... + 14

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -4 ... + 1

күндүз + 7 ... + 12

Нарын облусу

түнкүсүн -1 ... -6

күндүз + 6 ... + 11

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана түштөн кийин мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы + 2 ... + 4, күндүзгү жогорку температурасы + 6 ... + 8.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 28-29-октябрда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0 ... -2, күндүзгү жогорку температурасы +9 +11 чейин көтөрүлөт.