Өлкөдө бардык кыймылсыз мүлктү алып-сатуу 12%га төмөндөдү. Өткөн жылдын тогуз айында 53 миңден ашык турак жайларга алып сатуу операциялары жүргүзүлсө, быйыл ушул мезгилде болгону 46 миңдин тегерегинде үйлөр сатылып, кайра катталган. Мындан сырткары күрөөгө койгондор да кескин азайды. Бирок бул арада ижарага коюлган турак жайлар көбөйдү.
Пандемиядан кийин кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктер дээрлик кайрадан жумушун баштады. Жарым жылдан ашык убакыт кызматкерлерди кармап турууга мүмкүн болбогондуктан, ишин токтотууга аргасыз болушкан. Эми минтип иш кайрадан жанданып, батирлерди сатып алып, кардарларга сунуштоодо.
Октябрда турак жайларды алып сатуу боюнча абал бир аз турукташканы менен оорунун көбөйүп жатканы тармактын ишин кайрадан солгундатышы ыктымал. Буга чейин апрель-май айларында тармактын кирешеси төрт эсеге чейин азайган. Сентябрда кайра жандана баштаганы менен мурдагы жылдарга салыштырмалуу абал жакшы эмес.