Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата толук даярдык иштерин баштады. Азыркы учурда жүрүп жаткан талапкерлерди жылдыруу жараяны 14-ноябрга чейин созулмакчы. Андан кийин шайлоо фондун түзүү, кол топтоо иштери башталат.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү өнөктүгүнө карата толук кандуу даярдык иштерин баштады. 24-октябрдан тарта башталган талапкерлерди жылдыруу процесси 14-ноябрда аяктайт. Андан кийин шайлоо фондун түзүү, кол топтоо иштери башталат.
Президенттикке талапкерди 2 субъект көрсөтө алат. Жарандар өзүн өзү жана экинчи жолу партиялар съездде бирдиктүү талапкерди тандап көрсөтсө болот. Азыркы күнгө карата бир дагы талапкер БШКга документ тапшыра элек. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлер үчүн да бир канча талаптар каралган.