Жаңылыктар
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Эртең, 28-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада прозаик, драматург, котормочу, публицист Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына арналган “Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис  Турсуновдун ролу” темасындагы илимий конференциясы  жана “...Чын талантты ыргытсаң да дайрага, Чыгып келет ташкын болуп кайра да...”, аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.Иш-чаранын алкагында «Хан-Тенир», «Кыдыр аке баяны», «Муктаждык» аттуу Э.Турсуновдун китептеринин бет ачары болот.

Эрнис Турсунов орто мектепти бүтөрү менен Москвадагы Ломоносов атындагы университетинен окуп, 1958-жылы Бишкектеги мамлекеттик университеттин филология факультетин аяктап, маданият министрлигинин искусство иштери боюнча башкармасынын орун басары, “Кыргызфильмде” ага редактор, Кыргызстандын, Тажикстандын алыскы райондорунун  мектептеринде орус, кыргыз тилдери боюнча мугалим, “Ала-Тоо” журналында адабий кызматкер болуп иштейт.

Э.Турсуновдун чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталып, алгачкы “Гүл” аттуу ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Булбул” (1961), “Жигиттер” (1970), “Бийиктик” (1975), “Автопортрет” (1978), “Чексиз сүйүү” (1983) жана башка ырлар жыйнактары чыгарылган. Анын калеминен жаралган ырлардан башка дагы “Бадахшан” (1981), “Ата Журт” (1990), “Таттыбүбү” (1999), “Жоомарт Бөкөнбаев” (2000), “Балбай” (2002), “Ажал айтып келбейт”, “Автопортрет”, “Боронбай” (2004), “Биздин замандын баатыры” (2007), “Эл душманы” (2010) сыяктуу прозалар жана романдар тарыхый инсандарга, окуяларга арналган мыкты чыгармалар, көзү өтөөр алдында “Муктаждык” ырлар жыйнактары жазылган.

Э. Турсунов дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларынын чебер котормочусу катары А. С. Пушкиндин, А. Н. Некрасовдун, Шекспирдин, С. Есениндин, Р. Гамзатовдун, Сервантестин, Н. Хикметтин, Брехтин, Рудаки, Камюнун чыгармаларын, мусулмандардын ыйык китебин “Куран”, христиандардын “Библия” китебин кыргызчага которгон.

Ал телерадио комитетинде иштеп турган учурунда “Биздин радиотеатр” аттуу радио уктурууларды, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган.

Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдар берилген. Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай-ата” эл аралык коомунун, А. Токомбаев, Ж. Бөкөнбаев, Т. Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты, грамоталар  жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.  

Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө 4 бөлүктөн турат:

1. “Кыргыз поэзиясынын зергери”;

2. “Чыгаан прозаик жана драматург;

3. “Көркөм котормонун чебери”;

4. “Замандаштары акын жөнүндө”.

Көргөзмөгө Э. Турсуновдун  китептери, газета жана журналдык макалалары, публицистикалары, фотодокументтери жайгаштырылды. Көргөзмөнүн ачылышына коомдук ишмерлер, маданияттын кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышат.