Жаңылыктар
28-31-октябрь жана 1-ноябрда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
28-31-октябрь жана 1-ноябрда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

 

28-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

29-октябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрларда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

28-октябрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык

абанын булгануусунун болжолу

    28-октябрда    аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына шарт түзүүчү метеорологиялык абал байкалып, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы норманын чегинде болушу күтүлөт.

 

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда эртең менен,  күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 29-октябрда түнкүсүн жаан карга айланышы мүмкүн.

29-октябрда күндүз, 30-31-октябрларда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

күтүлгөн аба-ырайы

 

28-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда Ысык-Көл облусунда

күтүлгөн аба-ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда күндүз, 31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн.

30-октябрда күндүз, 31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

28-31-октябрларда жана 1-ноябрда

Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрда жана 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29 октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.