Жаңылыктар
ИИМ: үй тоноого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: үй тоноого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери үй карактоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. 

Жакында эле алар Ленин районунун аймагынан ири суммадагы акча, алтын жасалгаларды уурдап кетишкен. Андан сырткары, Бишкек шаарынын аймагында дагы башка уурулук жасоого шектелүүдө. Ушул жылдын 21-октябрында кылмышкерлер Матыев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 100 миң сом, алтын жасалгаларды уурдап кеткен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана Жоруктардын Бирдиктүү Реестрине катталып, Ленин Районунун Ички Иштер башкармалыгы Жазык кодексинин "Адамдардын тобунун ири көлөмдөгү уурулук жасоо" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 

Шектүүлөр унаа менен жүрүп, бирөө унаада калып, калган экөө үйлөрдү тоноого кирген соң, зер буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап кетип жүрүшкөн. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, натыйжада үй ууруларынын тобу шаарга жакын жерден кармалган. Кармалган жарандардын өздүгү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон Казакстандын жарандары экени аныкталган.