Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
«Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болгон жана боло берет. Ошондой эле биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматта мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жүзөгө ашырабыз. Кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясы жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү ишти уланта берет», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.
Өз кезегинде элчи "Кыргызстандагы кырдаалга карабастан, россиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө чоң кызыгуусун билдиришет. Маанилүү маселелердин бири - инвесторлорду мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу. Россия Кыргызстан үчүн союздаш деп эч күмөн санабай айта алам",- деди.
Артем Новиков Россия тарап менен натыйжалуу экономикалык кызматташтык түзүлөрүн айтып, жакынкы аралыкта Кыргыз Өкмөтү экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт деп ишендирди.