Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны бүгүн мэриянын жамаатына Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев тааныштырды.
Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Балбак Түлөбаевди дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. 48 жаштагы Балбак Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп, ушул жылдын 27-июлунан баштап өкмөттүн Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Эскерте кетсек буга чейинки мэр Азиз Суракматов парламенттик шайлоого катышарын айтып, кызматынан кеткен. 20-октябрда биринчи вице-мэрликке Нариман Түлеев дайындалып, Суракматов ага мэрдин милдетин өткөрүп берген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразылыктар уланган. Нариман Түлеев кечээ кайрадан кызматка келгенин жарыялаганы менен бүгүн борборго жаңы мэр дайындалды. Ал биздин каналга алгач аткара турган иштери тууралуу айтып берди.
"Биринчи кезекте мен эртең ЖЭБке барам, жылуулук кандай болуп жатат, шаар кышка даярбы аны көрөм. Түштөн кийин күндүзгү стационарлар тууралуу толук маалымат алам, дары дармек баары жетиштүүбү карап чыгам. Андан кийин базарга барып азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап кетти. Аны көрүп чыгам. Мүмкүн болушунча абалды оңдогонго аракет кылам", - деди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.