Жаңылыктар
Парламенттик шайлоону БШК буга чейин белгилеген мөөнөттө өткөрүүсүн талап кылган митинг өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттик шайлоону БШК буга чейин белгилеген мөөнөттө өткөрүүсүн талап кылган митинг өттү

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг өттү. Акцияга саясий партиялардын 50дөй өкүлдөрү катышып, парламенттик кайра шайлоо БШК буга чейин белгилеген мөөнөттө өтүшүн талап кылышты. 

Белгилей кетсек, 22-октябрда Жогорку кеңеш "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 63-жана 38-беренелерин токтоткон мыйзамды кабыл алган. 

Ага ылайык, парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформаларды өткөргөндөн кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбеген мөөнөттө өтүшү керек. Өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамына ошол эле күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.