Жаңылыктар
Өкмөт тарабынан ишкерлерге коопсуздук жана коргоонун кепилдиги берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт тарабынан ишкерлерге коопсуздук жана коргоонун кепилдиги берилет

Ар бир экономикалык субъектке өкмөт тарабынан коопсуздук жана коргоонун кепилдиги берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тоо-кен тармагынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. 

Өкмөт ведомстволор аралык комиссия түзүп, жеринде тоо-кен компанияларынын ишине келтирилген зыяндарды баалары талкууланды. Ошондой эле, ишканаларда жумуштун жанданышына жол бербей жаткан жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Биринчи вице-премьер-министр кен казуучу компаниялардын иштөө чөйрөсүндө мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануучуларга жана башкаларга каршы мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды жоопко тартуу боюнча чараларды көрүү керектигин баса белгиледи. 

«Акыркы окуялардан улам ири ишканалар ишин токтотууга аргасыз болуп, айрымдарына зыян келтирилгенин баарыбыз түшүнүп турабыз», - деди Новиков. Ошол эле учурда ишканалардын өкүлдөрү дагы жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын канааттандырышы керектиги айтылды.