Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүүдө эки тарап бир пикирге келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүүдө эки тарап бир пикирге келди

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү жүрдү. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга өкүлдүн аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев, Тажик Республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. 

Сүйлөшүү учурунда эки тарап бир пикирге келип, такталбаган аймакта жүргүзгөн курулуш учурда токтотулуп, тажик тарап жерге төшөлгөн таза суу түтүктөрүн алып, казылган жолду калыбына келтирип жатышат. Учурда чек арада абал тынч. Топтолгон жарандар тарады.