Ал эми Ош шаарындагы 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу белгиленген мөөнөтүнөн кечеңдеп жатат. Муну, куруучулар оорукана түшчү жайды даярдоо менен ага керектелчү каражаттын өз убагында камсыздалбай жатышы менен байланыштырууда.
Курулушка капсула 3 ай мурун салынган. Тез тургузулуучу конструкциянын натыйжасында аны 1-1,5 айда бүткөрүү милдеттендирилген. Ош облусттук капиталдык курулуш башкармалыгы, курулуштун белгиленген мөөнөттө бүтпөй жатышына бир катар жүйөөлүү себептерди келтирет.
100 койкага эсептелинген оорукананын курулушу келишимдик негизде 87 млн. сомго бааланган. Мунун 62млну сарпталса, калган 25 млн. сому азырынча мамлекеттик казынадан бөлүнө элек. Каражат чечилип калса, бейтапкананы ноябрдын 15терине пайдаланууга берүү болжолдонууда.