Жаңылыктар
Жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлөр

Өлкөнүн аймактарында азыркы учурда жергиликтүү тургундардын көкүрөгүн өйүгөн, көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелер ондоп саналат. Анын көбү экономикалык, социалдык абалга байланышкан. Күн мурун Кочкор районунун эли президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда бир катар көйгөлүү суроолорун берип, жооп алышты.

Жергиликтүү тургундар аймактагы эң көйгөйлүү деген маселелерди көтөрүштү. Өлкөнүн көпчүлүк райондорундай эле Кочкордо дагы социалдык-экономикалык абал, инфраструктура, дегеле өнүгүүгө өбөлгө боло турган тармактардын иши солгун. Райондун эли көбүнесе дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Өндүрүш же өнөр жайында иштегендер жокко эсе. Фермерлер Кочкор району асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, анын ичинен уяң жүндүү кой багууга абдан ыңгайлуу дешет. 

Мына ушул тармакка арзан пайыздык үстөгү менен узак мөөнөткө насыя берүү маселеси көтөрүлдү. Садыр Жапаров бир жума ичинде мамлекеттен айыл чарба тармагына берилген бардык насыялар боюнча маалымат алынып, тиешелүү жоопту берерин билдирди. Насыя демекчи, жергиликтүү тургундардын коммерциялык банктардан алган насыялары боюнча да көкүрөк өйүгөн маселелери көп. Көпчүлүгү төлөй албай калгандар.