Баткенде баңгизаттарды сактоого шектелип эки жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө Тажикистандан афган түспөлүндөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун 43 жана 48 жаштагы жашоочулары кармалды. Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү экени аныкталды. Тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган.
Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү нашаа табылды. Азыркы тапта кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.