Жаңылыктар
Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча турнир өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча турнир өттү

Аргымактар алкынып, туягынан от чыккандай эр оюн, Москва облусунун Раменский районуна караштуу Донино айылында орун алды. Өткөн дем алыш күндөрү Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча турнир болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун жаркын элесине дагы таазим этти. 25-октябрда улуу ишмердин 110 жылдыгы белгиленди. Эки улакчынын бир-бирине бербей улакты кере тартып, мараны көздөй чаап келе жаткан көркөмдүк көз жоосун алып, карап туруп аралашып кеткиң келгидей оюн тартууланды.