Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 26-октябрь күнү саат 09:10дө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту билдирди. 

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген жана Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Джоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.