Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн көзөмөлүндө

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн көзөмөлүндө. Бул туурасында өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 

25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. 

"Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагына кирген 50 метр аралыкта жана тактала элек тилкеде жүргүзгөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары, буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, курулушту токтотууну талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта. 

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду. Чек арадагы абал тынч, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.