Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-октябрь күнү саат 23:33тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМидин маалымат кызматы билдирген. 

Жер титирөө Алай районунун Иркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.