Өлкө оор күндөрдү өткөрүп, эл башына кыйын күн түшкөндө өмүрү өрнөк болгон инсандарды эстейбиз. Алардын башкаруу жөндөмүнө, өтөгөн эмгектерине узак мезгил өтсө да суктанып, үлгү катары айтып бүтпөй келебиз. Бүгүн дал ошондой даңазалуу инсандардын бири Исхак Раззаковдун туулган күнү. Тарыхчылар анын кара кылды как жарган калыстыгын, карапайым жумушчу менен бирге күрөк кармаган жөнөкөйлүгүн, ошол учурдагы оорчулуктарга карабай улуттук кызыкчылыкты жогору койгон саясатын өзгөчө белгилешет.
Раззаковдун таамай айткан учкул кептери, мекенге болгон сүйүүсү, тазалыкты талап кылган кадамдары, көтөргөн демилгелери бүгүн кыргыз саясатында эң актуалдуу маселеге айланды. Аткарган иши, жасаган кадамдары анын атагын арттырып, жалпы журт эскерип келет. Бүгүн да даңазалуу ишмердин 110 жылдык мааракесине чогулгандар Раззаковдун өрнөктүү өмүр жолун уланта турган инсан болсо деп тилек кылышты.