Ушул жумада Жогорку Кеңештин депутаттары "КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" мыйзамын кабыл алышты. Бул мыйзамга президенттин милдеттерин аткаруучу Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Жаңы мыйзам "КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38 - 63 - беренелеринин ченемдерин алдыда боло турган Конституциялык реформанын аягына чейин колдонууну токтото туруу талабын камтыйт.
Эскерте кетсек, аталган беренелер парламент депутаттарын кайра шайлоо тартибин аныктаган беренелер болуп саналат. Жаңы мыйзамдын 2-беренеси конституциялык реформанын өткөрүлүшүн, иштеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилерин аныктап, шайлоолор менен өкмөт жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүүлөргө ылайыкташтырууну көздөйт. Ошондой эле конституциялык реформанын жүрүшү 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы айтылууда. Кабыл алган мыйзамга ылайык, алдыда боло турган шайлоолордун мөөнөттөрү конституциялык реформа аяктагандан кийин дайындалат, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч калбайт. Бул мыйзамдын беренелери өлкөдөгү саясий күчтөрдүн негизги талаптарын камтыйт – шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 5 миллион сомдон 1 миллионго чейин азайтуу жана добуш берүүдө №2 формасын колдонууну жокко чыгаруу. Аталган мыйзам өз күчүнө кирди жана ал конституциялык реформанын аягына чейин уланат.