21-октябрда президенттин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялады. Бул экономикалык амнистия республикадагы коррупцияга малынган жараандардын баары 30 күндүн ичинде мыйзамсыз тапкан мүлк жана каражаттарын мамлекеттик казынага кайтарып беришин талап кылат. Президенттин милдеттерин аткаруучу Садыр Жапаровдун пикири боюнча кийинки 30 жылдын ичинде эң кирешелүү деп таанылган энергетика, бажы жана салык кызматтары, дары-дармек менен камсыз кылуу жана лицензиялоо тармактарында, кен байлыктары жана башка көптөгөн тармактарда түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мамлекеттик мүлктү, жараандардын акысын, элдин байлыгын талап-тоноо аракеттери күч алып келген.
Жарыяланган экономикалык мунапыс, Садыр Жапаровдун айтымында, мамлекеттик бюджетти толтуруу жана кошумча киреше алууга, өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз каражаттарды кайра кайтарууга, көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу менен бирге ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүүгө, макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүүгө, өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу жана мамлекеттик тышкы карыздарды төлөөгө багытталган. Мунапыстын максаттарын ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү коррупциялык схемаларды түзүп, же ага катышып мыйзамсыз кирешелерге ээ болгондорго, ар кандай компаниялардын үлүштөрүнө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, андан тапкан мыйзамсыз кирешелерди казынага кайтарып берүү сунуш этилет да, катуу талап кылынат.