Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – жаркын келечектин ачкычы
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – жаркын келечектин ачкычы

Президенттин милдеттерин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров жума күнү Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңешинин отурумун өткөрдү. Учурда өлкөдөгү түзүлгөн экономикалык кырдаал, мамлекеттик казынанын тартыштыгына, пандемияга каршы колдонулуп келген чаралардын жана соңку күндөрдөгү саясий окуялардын экономикага тийгизген терс таасирлери,– бүгүнкү күндө чечкиндүү чара көрүүнү талап кылат. Алардын катарында, биринчи кезекте: өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жана бизнести активдештирүү, ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

4-октябрда болуп өткөн шайлоолордон кийинки республикада орун алган саясий окуялар өлкөдөгү ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын инвестициялык ишенимдүүлүгүнө, чет өлкөлүк инвесторлордун экономикалык кызматташууга болгон кызыктарлыгына терс таасирин тийгизгенин тана албайбыз. Албетте, инвесторлорду да түшүнсө болот, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, бейпилдиги козголгон өлкөлөргө инвесторлор өз каражаттарын алып келгиси келбейт. Анткени, стабилдүүлүк жок жерде, ал каражаттардын сактыгына да кепилдик жок.

Ошондондуктан да, өз сөзүндө Премьер-министр бул кеңештин отурумун күндүн талабы катары бааларын жашырган жок. "Экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ. Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы", - деди Садыр Жапаров. Инвестиция социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө негиз болот, өлкөгө жаңы технологияларды алып келүү менен заманбап башкаруучулук тажрыйбаны, жаңы жумуш орундарын камсыз кылат, аймактардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт жана өлкөнүн экспорттук кубаттуулугун жогорулатат.