1992-жылдан 1999-жылга чейин Тажик-ооган чек арасында өтөгөн кызматы жана "Тажик-ооган чек арасында тынчтыкты орнотуу ардагерлеринин союзунун" түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн Чүй облусунун ардагерлерине ардак грамота, күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Буга чейин мындай сыйлоо аземи өлкөнүн алты облусунда өткөрүлүп, ардагерлер ардак грамота менен сыйланган.
Эскерте кетсек, Советтер союзу ураган соң тажик-ооган чек арасы коргоосуз калып, Кыргызстандын аскерлери Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын аскерлери менен катар тажик-ооган чегин кайтарышкан. Алар 1992-жылдан 1996-жылга чейин Ишкашим аймагында кызмат өтөгөн.