Камчы Көлбаев тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Көлбаевге Жазык кодексинин “Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренси боюнча айып тагылып, 23-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды”, - деп айтылат маалыматта.