Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, аны реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо боюнча белгиленген иштин 55% аткарылды. Вице-премьер-министр «Ак-Жол» өткөрүү жайында курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди. «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо административдик блок гана кеңейтилбестен, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай дагы каралган. Эске сала кетсек, «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.