Быйылкы жылдын июнь айынан август айына чейин Ысык-Көл облусуна Кыргызстандын аймактарынан 109 миң эс алуучу келген. Бул тууралуу облустук координациялык кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, 2019-жылы Ысык-Көлгө 1 млн 200 миң турист келсе, алардын 212си чет элдик жаран болгон. "Ысык-Көл облусунда өткөн жылдын июнь айынан август айына чейин 68,7 млн сом өлчөмүндө салык топтолсо, 2020-жылдын үч айында салыктан 30,8 млн сом каражат түшкөн", - деп айтылат маалыматта.