Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Парламенттеги 10 го чукул эл өкүлү демилгелеген бул долбоорду 83 депутат колдоду.