Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда ишкер чөйрө ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн мыйзамдык базаны жаңылап, салыктарды азайтуу сунушун айтышты. Ошол эле учурда акыркы күндөрдө болгон кымгуут кырдаалда чет элдик капитал жабыр тартып, рейдердик басып алууларга, талап-тоноого учураганы айтылды. Пандемия менен бирге коомдук саясий абал товар ташууга тоскоол болуп, чек аралар жабылып, ишкерлер кыйналып жатканы тууралуу билдиришти. Дагы кандай маселелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн кандай жолдору сунушталды?