Жаңылыктар
ИИМ: Чүйдүн Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Чүйдүн Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн жаран кармалды. 22-октябрда таңкы саат 04:22 чамасында Аламүдүн районунун Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылында киши өлтүрүү боюнча маалымат түшкөн. 

Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыккан. Белгилүү болгондой 65 жаштагы үйдүн ээси өгөй баласы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестик болгон. Натыйжада баласы үйдүн ээсин балта менен бир нече жолу чаап жиберген. 

Алган жаракаттан 65 жаштагы жаран дароо каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" беренеси менен катталды. Ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда жана тиешелүү экспертиза дайындалды - деп билдирди ички иштер бөлүмүнөн.