Ош шаарында абал туруктуу, - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бардык мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар кадимки тартипте иштеп жатат.
"Милиция күчөтүлгөн тартиптеги кызматын улантууда. Акыркы суткада Ош шаарында 33 кылмыш жана окуя катталып, алардын 29унун бети изи сууй электе ачылган", - деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, элдик кошуундар менен кылмыштуулуктун, жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча кызматтарын улантышууда.