Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. 

Президенттин басма сөз кызматы бул мыйзамды кабыл алууга бир катар жагдайлар, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал шарт түзгөнүн айтты. Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.