“Манас” аэропортунун унаа токтотучу жайына чогулган кызматкерлер жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Бир саатка созулган митингде катышуучулар бул - ишкананын жетекчилик ордун алуу деген пикирлерин билдиришти. Андан соң, Бактыбек Сыдыков журналисттер үчүн брифинг өткөрүп, Премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканын айтты.
Жыйынтыгында, анын талапкерлиги жактырылып, бардык коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу, он күндүн ичинде орун алган көйгөйлөрдү чечүү милдети коюлганын билдирди.