Жаңылыктар
Жапаров жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди эмгек жамаатына тааныштырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жапаров жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди эмгек жамаатына тааныштырды

Премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды. 

Жапаров Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи. Президенттин милдетин аткаруучу анын топтогон тажрыйбасы жана билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берет, ал эми жеке түзүм жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишенимин билдирди. 

Прокуратура акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуудагы негизги орган экенин баса белгилеген Жапаров, Курманкул Зулушевге аталган кызматта ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирип, өзүнө көрсөтүлгөн ишеничти актоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.