Жаңылыктар
Маркум Чубак ажы Жалилов “Айкөл” ордени менен сыйланып, сыйлык уулуна тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Маркум Чубак ажы Жалилов “Айкөл” ордени менен сыйланып, сыйлык уулуна тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов, Садыбакас ажы Доолов жана маркум дин аалымы, Аалымдар кеңешини мурдагы мүчөсү Чубак ажы Жалиловго биринчи даражадагы “Айкөл” орденин тапшырды. Аталган сыйлык аалымдардын эмгектери бааланып, кадырлоо максатында иштелип чыккан.

Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкекте өтө турган “Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду” аталышындагы Эл аралык конференцияда тапшырылмак. Бирок пандемиялык абалга байланыштуу конференция белгисиз мөөнөткө жылдырылган.