Жаңылыктар
Мурдагы каржы министри Бактыгүл Жеенбаева суракка чакырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы каржы министри Бактыгүл Жеенбаева суракка чакырылды

Мурдагы каржы министри Бактыгүл Жеенбаева жана министрликтин эки кызматкери Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан тастыкташты. 

Сурак берүүгө билдирме бүгүн эртең менен тапшырылган. Маалыматка ылайык, кеп Соттук өкүлчүлүк борборундагы ири өлчөмдөгү коротуулар жөнүндө болуп жатат.