Жаңылыктар
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника табылды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника табылды

Чүй облусунун ИИББы: ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника Ысык-Ата районунун Чолпон айылынан табылды. 

2020-жылдын 13-октябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Ысык-Ата районунун ИИБдүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Ысык-Ата районунун Чолпон айылынан ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника табылган. 

Милициянын аймактык тескөөчүсү 13-октябрь күнү атайын техника талаадагы элге көрүнбөгөн жерге катылган жерден көрүп калган. Милиция кызматкерлери буга чейин бул жерлерди караганда эч кандай техника болгон эмес. Учурда атайын техника тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.