Өлкөдө акыркы бир жумада коронавирус тездик менен жайылып жатат. Апта ичинде 1807 адам коронавируска чалдыгып, 19 адам каза болду. Оору жуктуруп алгандар күн сайын көбөйүп, ооруканаларга толо баштады. Анын себеби Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан киргизилген санитардык талаптар аткарылбай жатат.
Дем алыш күндөрү ооругандардын саны 300дөн ашты. Калк арасында эрежелерге кайдыгер карап, каалашынча эркин жүргөндөр вирустун тездик менен жайылышына себеп болууда. Өткөн суткада 298 адамдан илдеттин белгилери аныкталып, алар стационардык дарыланууга жаткырылды.