Жаңылыктар
Бишкек шаардык милициясын убактылуу Алмазбек Орозалиев жетектейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык милициясын убактылуу Алмазбек Орозалиев жетектейт

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул кызматта иштеп келген Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан кызматынан бошотулган.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өлкөдө өзгөчө абал режими маалында Бишкек шаарынын коменданты болуп иштеген.