Жаңылыктар
Салык кызматы: транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү бир жумада аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы: транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү бир жумада аяктайт

Транспорт, тура-жай, батир жана жер салыктарын белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн жарандарда бир жума убакыт бар. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыларын пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.