Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 26-августка жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 26-августка жылдырылды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 26-августка жылдырылды. Себеби, жогоруда аталган иш боюнча отурумга СИЗО-1де отурган айыпталуучулар келишкен эмес.

Эске сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар айыпталууда.