Жаңылыктар
Республика боюнча жалпысынан 5 саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Республика боюнча жалпысынан 5 саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат

14 саламаттык сактоо объектилеринин курулуш жана ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө.

Республика боюнча жалпысынан 5 саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат. Алардын ичинен 3 объектиси тез курулуучу конструкциялардан эксперименталдык болуп саналат. Каржылоо булагы - КФ "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" эсебинен пландаштырылган.

 Мындан тышкары, "Бирдиктүү заказчик" линиясы боюнча Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайкич айылында эки оорукананын курулушу жүргүзүлүүдө. Алар "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланат.

 Ошондой эле 9 саламаттык сактоо объекттеринде кайрадан профилдөө үчүн оңдоо-курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.