Баткен облусунда коронавируска 2 миңдей жаран чалдыкты. Мунун азыр 165и дарыланууда. Аймакта кошумча 500 дөн ашык дарылоочу орун ачылган. Мунун азыр 400дөйү бош турат. Инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты 90 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнө ылайыкташтырылып, баштан-аяк жаныланууда. 70-жылдары фин тибинде курулган имаратты реконструкциялоо ишинен мамлекет башчы жеринде таанышты. Ремонт иши бир айга болжонгон. Бул, аймактагы 100 минден ашуун элдин буга чейинки жугуштуу ооруканага болгон орун тартыштыгын женилдетет.
Аймакта пандемия башталганга чейин эле медиктердин тартыштыгы бар болчу. Муктаждыкты чечүү үчүн азыр дистанттык ыкмада кадрларды даярдоо жүргүзүлүүдө.
Учурда, республиканын аймагында саламаттык сактоо тармагына тийиштүү 12 объектиде иш жүрүүдө. 9 оорукана капиталдык ондоодон өткөрүлүүдө. Мындан сырткары, шаар, облустук борборлорго мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен калкка комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүчү жаны типтеги ооруканалар курулат.
Мамлекет башчы, ак халатчандар менен баарлашууда, биринчи кезекте бейтаптарга эн ынгайлуу шарттарды түзүп берүүчү санариптештирүү саясатынын максаттары, милдеттери жөнүндө айтып берди. Дарыгерлердин өзүн бул өнөктүккө жигердүү катышууга чакырды. Сооронбай Жээнбеков, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгиледи.
Жаныланган мед.мекемелери эң алдынкы технологиялар менен жабдылуусу кажет. Мындай шарттар менен Кадамжай аймактык ооруканасы үлгү боло алат. Былтыр жаны курулуп, пайдаланууга берилген мекеме, акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. 3 кабаттан турган оорукана республикалык бюджеттин эсебинен 79 млн. сомго курулган. Өзгөчөлүк катары санарип технологиясы киргизилген.
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылган жаны ооруканадагы санарип технологиясы менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков таанышты. Дарыгерлер менен пикир алышууда президент өлкөнү санариптик трансформациялоо мамлекеттик саясататынын алкагында, саламаттыкты сактоо ситемасын санариптештирүү өзгөчө орунда экенин айтты. Электрондук өкмөттүн өнүгүү денгээли боюнча БУУнун изилдөөсүнүн жыйынытыгында, Борбор Азияда, Кыргызстандын экинчи орунду ээлегендигин канааттануу менен белгиледи.
Аймактык оорукана пандемия күчөгөн июль айынын башында күнүнө 150гө чейинки бейтапты кабыл алган. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу , кычкылтек концентратору сыяктуу тийиштүү медициналык жабдуулар менен дары-дармектердин запасы жетиштүү. Компьютердик томография аппаратына муктаждык бар.
Оорукананын жаныланышы менен кошумча эки бөлүм ишке кирди. Жаны жылдан тартып, жергиликтүү дарыгерлер алгачкы ирет жүрөккө операция жасап башташат.
Жаны бөлүмдөргө жаны кадрлар кабыл алынды . Балдар дарыгери адистигиндеги Айпери, окууну аяктаары менен туулган жерине кайтып келди.
Калк сакчылыгындагылардын дагы бири- чек арачылар. Аймактын сыймыктуу коргоочулары. “Самаркандек”, Кара-Бак, Боз-Адыр, Чарбак , Зардалы жана Капчыгай чек ара заставаларын камтыган Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкрелерине, үй курула баштады. 3 кабаттан турган турак үй 24 батирден турат. Муну менен, шарты катаал аймакта чек ара кайтарган мекен сакчыларынын турмуш-жагдайы жакшырат.
Мындай кызматтык үйдөн былтыр 3 көп батирлүү турак үй курулган. Акыркы 2 жылда республиканын аймагында 11 чек ара заставасы жаныдан курулган.
Ал арада, жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында 600дөй жаны жумуш оруну түзүлгөн. Алардын бири мына бул шифер заводу.
Жасалган материалдын сапатын Махира Топчубаеванын жоопкерчилигинде. Лаборант адистигиндеги кызматкер, шиферге керектелчү сыръенун курамынан тартып, даярдалуу процессине чейинки абалды көзөмөлдөйт.
Мында калындыгы 4төн 6 ммге чейинки, эни 1 метрден ашыгыраак, 8 толкундуу шифер даярдалат. Сууга, ысык-суукка жана өрткө чыдамдуу. Чатыр, короо-тосмодон сырткары өндүрүш курулуштарында пайдаланылат.
Ишкана келерки жылы мындагы жумуш орунун эки эсеге көбөйтүү ниетинде. Түштүк аймактагы шифер даярдаган жалгыз ири заводдун ишин мамлекет башчы канааттануу менен белгилеп, ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган мындай ишканаларды ачуу үчүн өлкөнүн каржы институттары тарабынан бөлүнүүчү женилдетилген насыялардын көлөмү жыл сайын көбөйтүлөрүн билдирди.