Жаңылыктар
Баткен облусунда коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө, учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксаат берилди.

Мындай чечим коронавирус оорусу менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынды.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксаат жок.