Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын 154 жараны кайтып келди, алардын ичинде 3 дарыгер бар.
«Ош» эл аралык аэропортуна 8-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул каттам менен мекенине Россиядан 154 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.
Бул каттам менен Кыргызстанга ошондой эле 3 дарыгер мекендешибиз кайтып келди, алар коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугу үчүн Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи.
Андан сырткары аталган борт менен Новосибирсктеги мекендештер тарабынан даярдалган 800 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык препараттардан турган гуманитардык жардам келди.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.