Жаңылыктар
Кыргызстанга Россиядан 1356 жараныбыз кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Россиядан 1356 жараныбыз кайтып келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Оренбург облусунан 23 автобустан турган экинчи колонна менен 1356 жараныбыз кайтып келди.

7-августта Россиянын Оренбург облусунун Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2456 биздин жаран мекенине кайтып келишти.

- Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн, казак тараптан Казакстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик коридордун жардамы менен иштелип чыккан.

- Тышкы иштер министрлиги коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн, Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.