“Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө. Учурда, аны каржылоо маселеси чечилди. Ошондой эле, Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имаратында капиталдык ремонт өткөрүлүп жатат”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков.
Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу божомолдорго атайын Комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш – чаралар планы белгиленди. Иш-чаралар тийиштүү органдар тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Негизинен, күз мезгилинде оору-сыркоо көп болоорун эске алынып, бул боюнча бардык район шаарлардагы жетекчилерге тапшырма берилип, иштер жүрүп жатканы маалым болду.