Пандемия шартында ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу
“Быйылкы жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты”, - деп билдирди Билим жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров.
- www.2020.edu.gov.kg сайтында Кыргызстандын бардык окуу жайлары, факультеттер жана адистиктер жайгаштырылган.
«Абитуриент Online» системасы айкын убакыт режиминде кабыл алуу процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, рейтингдеги ордун карап туруу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын сынактын жыйынтыктарына таасир этүүсүн минималдаштырат жана абитуриентке тандоосу боюнча кайсы болбосун билим берүү уюмуна кайрылууга мүмкүндүк берет.
- Онлайн-режиминде кабыл алуу пандемия шарттарында биринчи кезекте болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана университеттерде адамдардын массалык чогулуусун алдын алат.
Сайт боюнча статистика
2020-жылдын 1-июлунан баштап 5-августуна чейинки мезгилде:
8 305 376 баракчаны карашты
1 241 002 сеанс (кирүү/чыгуу)
150 113 колдонуучу
Колдонулган каражаттар:
Мобилдик телефон аркылуу – 77%
Персоналдык компьютерлер аркылуу – 23%