Жаңылыктар
Өзбекстандан келген гуманитардык жүктөр өлкөнүн аймактарына жеткирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандан келген гуманитардык жүктөр өлкөнүн аймактарына жеткирилүүдө

Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабына аймактарга жеткирилүүдө.

Аталган гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет. 2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1000 тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жеткирилген.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү, сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.